Чек ара кызматы: кыргыз-өзбек чек арасында жаңжал катталган эмес
Маалыматка ылайык, 18-июлда Кыргызстандын үч жараны Өзбекстандын Шахимардан анклавы аркылуу келатып өзбекстандык жарандар менен чатакташа кеткен. Чек ара кызматы муну чек арадагы жаңжал катары баалоого болбой турганын белгиледи.
Жарандардын чатагы боюнча эки мамлекеттин укук коргоо органдары жолугушуп, иликтөө иштери башталды.
Чек ара кызматы жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул боюнча Өзбекстандын расмий органдары комментарий бере элек. (TSh)