Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов соттун чечими менен тергөө аяктагыча, 29-августка чейин камакка алынды. Бирок Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев алар бул чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна даттанышаарын билдирди. Бул аракеттерди Албек Ибраимов өзү жана экс-президент Алмазбек Атамбаев "саясий куугунтук" деп баалап келатат. Ушуга байланыштуу "Азаттык" саясат талдоочу Даниел Кадырбековду кепке тартты.