Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Казакстан спортчу Денис Тенди акыркы сапарга узатууда

Казакстандын Алматы, Астана шаарларында көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тен менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат. Коштошуу митинги Алматыда Балуан Шолак атындагы спорт сарайында, Астанада “Барыс-Арена” спорт-комплексинде өтүүдө. Учурда спортчу менен коштошууга келгендердин саны миңден ашты.


Казакстанда көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тендин өлүмүнө шектелгендердин экинчиси кармалганын Казакстандын Ички иштер министрлиги 20-июль күнү билдирген. Ал Кызылордо облусунун 23 жаштагы Арман Кудайбергенов аттуу тургуну экени кабарланды. Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, шектүү Алматынын Аксай кичирайонунда өткөрүлгөн рейд маалында колго түшүрүлгөн.


20-июлда эртең менен Тенди бычактагандардын дагы бири, 1994-жылы туулган Нуралы Киясов кармалганын Алматы шаардык прокуратурасы билдирген. Ал адвокатынын катышуусунда берген көрсөтмөсүндө күнөөсүн мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тенди 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Полициянын маалыматына караганда, ага автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген эки белгисиз адам кол салган. Денис Тен алган жараатынан ооруканада каза тапкан.


Денис Тен 1993-жылы 13-июлда Казакстанда төрөлгөн. Ал 2014-жылы Сочиде өткөн Олимпиадада коло медаль тагынган. Андан бир жыл мурда Дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган.


2015-жылы "Төрт континенттин чемпионатында", VII кышкы Азия оюндарында чемпион аталган. Ванкувер олимпиадасына катышкан. 2017-жылы Алматыда өткөн Универсиадада чемпион аталган. Ал Олимпиада оюндарына жана дүйнө чемпионатына жеткен биринчи казакстандык фигурист болгон. (TSh)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus