Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШ ГРУнун 12 офицерине айып такты

Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги Орусиянын Башкы аскерий чалгын мекемесинин (ГРУ) 12 кызматкерин Американын Улуттук демократиялык комитетинин, президенттикке талапкер Хиллари Клинтондун, АКШнын Демократиялык партиясынын комитетинин серверлерин бузушкан деп айыптады.


Аларга ошондой эле хакерлерден алган маалыматты ачыкташкан деген айып тагылды. Башкы прокурордун орун басары Род Розенштейн 13-июлда жарыялаган маалыматка ылайык, 2016-жылы ГРУнун өкүлдөрү Клинтондун штабынын кызматкерлерине жана ыктыярчыларына караштуу компьютерлерге чабуул коюу операциясын башташкан. 


Орусиянын атайын кызматтарынын өкүлдөрүнүн колуна штабдын кызматкерлеринин электрондук почталарынын сыр сөздөрү (паролдору) тийген. "Алар аралыктан штабда иштегендердин кат алмашуусун, жеке документацияларын окуп турушкан" деп айтылат документте. 


Башкы прокуратуранын бул билдирүүсү АКШ президенти Доналд Трамп менен Орусия лидери Владимир Путиндин Хелсинкиде өтө турган алгачкы саммитине үч күн калганда жарыяланды. Род Розенштейн документтердин эмне себептен азыр ачыкталып жатканы боюнча суроого түз жооп берген жок, бирок Трампка Европага сапарга чыгар алдында бул тууралуу айтылганын кошумчалады.


Америкада 2016-жылы өткөн президенттик шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү боюнча буга чейинки айыптоолорду Кремль жана Трамп өзү да четке кагып келишкен. 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus