Пакистан: жардырууларда 90дон ашуун киши курман болду
Ошол эле күнү дагы бир талапкер Акрам Хан Дурранини бутага алган жардырууда төрт киши курман болуп, 30тан ашуун киши жаракат алды. Ал чабуулдан кийин жасаган билдирүүсүндө бийлик коопсуздук чаралары тууралуу буга чейин эскерткенин билдирип, "Мен аманмын, бирок жанымдагылар жабыркашты" - деди.
Крикет жылдызы, сурамжылоолордун натыйжасында "Терик-ин Инсаф" партиясы менен алдыда бараткан Имран Хан чабуулду сынга алды.
13-июлдагы жардыруулар үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек.