Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Атамбаев: Ибраимовду натыйжалуу мэр деп эсептейм

КСДП партиясынын төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаардык кеңешинин мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө аракети тууралуу билдирүү таратты. Мурдагы мамлекет башчысы мунун артында саясий себеп бар деп эсептейт.


“Албек Ибраимовго атайылап жасалып жаткан саясий куугунтуктун жана каралоолордун жыйынтыгы түшүнүктүү эле болчу. Анын ишине кантип тоскоолдук кылып, кантип шыбап атышканын көрүп жатасыңар. Бул жарым жылдан бери уланууда. Мунун баары коррупция менен күрөшүүгө эч кандай тиешеси жок экенин ал тургай бийликте турган кишилер да түшүнүп жатышат”, деп жазылган экс-президенттин билдирүүсүндө.


Мурдагы президент Атамбаев Ибраимовду чарбачыл мэр катары сыпаттаган:


“Албек Ибраимов борбор калаадагы "чечилиши мүмкүн эмес" деп эсептелген жана бүтпөгөн көйгөйлөрдү чечкен натыйжалуу мэр деп эсептейм. Көбүнчө белгилүү болбогон иштер боюнча да чечкиндүү кадамдарга барды. Бирок шаардыктардын алдында өзү жооп бергени чыкчу жана эч кимдин артына жашынып алган эмес. Бүгүнкү күнү бул өтө сейрек сапат”, деген Атамбаев.


Бүгүн Бишкек шаардык кеңеши кезексиз сессияга чогулуп мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөргөн. Бул сунушту сессияга катышкан 40 депутат бир добуштан колдоду. Эми депутаттардын бул чечимин премьер-министр жактырса, мэр иштен алынат.


Шаар башчы Албек Ибраимов өзү жыйынга келген жок. Ал жыйындан кийин “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу видеокайрылуу таратып, депутаттардын ага ишеним көрсөтпөө тууралуу чечимин саясий буюртма катары баалады.


Кечээ мэр Албек Ибраимов Кыргызстандан качып кеткени тууралуу кабар тарап, бирок мэриянын басма сөз кызматы аны четке каккан. Мекеме Ибраимов 10-июлдан 8-августка чейин эмгек өргүүсүнө чыкканын маалымдаган.


"ТНК Дастан" ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) 13-июнда сурак берип чыккан. Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу") менен кылмыш иши козголгон. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus