Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Пакистанда мурдагы өкмөт башчы Шарифтин кайтып келишин күтүп жатышат

Сыртынан 10 жылга абакка кесилген Пакистандын мурдагы премьер-министри Наваз Шарифтин жана анын кызы Мариямдын мекенине кайтышын тарапташтары күтүп жатышат. 


13-июлда Шарифтин кичи мекени саналган Лахор шаарында миңдеген полиция кызматкерлери мобилизацияланып, аэропортко барчу негизги жолдор торолду.


Наваз Шарифтин “Мусулман лигасы" партиясынын жетекчилиги билдиргендей, Шарифтин кайтышын утурлай митинг өткөрүлөт деген кооптонуу менен бийлик кыймылдын жүздөгөн мүчөлөрүн камап жатат. Лиганын башчысы Мужахид Хуссейин "Азаттыкка" берген комментарийинде партияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй куугунтук башталганын билдирди. 


Аталган партиянын лидери Пакистандын аскердик күчтөрүн 25-июлга белгиленген шайлоонун алдында туруктуулукту бузуп жатканы үчүн күнөөлөдү.


Бир жыл мурда коррупцияга байланыштуу айыпталып өкмөт башчылыктан алынган Шариф өткөн аптада Лондондо кымбат баалуу батирлерди мыйзамсыз алганы үчүн күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Анын кызы Мариям да 2016-жылы ачыкка чыккан "Панама кагаздары" чуусуна байланыштуу жети жылга кесилген. Өкүм чыккан маалда экөө тең Британияда жүрүшкөн. Шариф Пакистанга келери менен камакка алынары күтүлүүдө. 


68 жаштагы Наваз Шариф өзүнө жана балдарына коюлган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук катары баалап жүрөт.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus