Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Түрк элчиси: “Гүленчилер” дүйнөнүн 170 өлкөсү үчүн кооптуу

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Түркиядагы 2015-жылдын 15-июлундагы окуялардын эки жылдыгы боюнча Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп жатат. Элчи ал окуялар башка өлкөлөрдө кайталанбашы үчүн эскертүү иретинде  билдирүү берилип жатканын айтты:


- Бул кыймыл 1970-жылдардан баштап бир адамдын культунун айланасында топтолуп баштаган. Алар "алтын муун" деген адамдардын тобун тарбиялап, 170 өлкөдө мектептерди ачышты, соодага киришти, банктарды ачып, кайрымдуулук фонддорду иштете баштады. Булардын чыныгы максаты Фетхуллах Гүлендин 1999-жылы жарыяланып кеткен видеосунан сон белгилүү болду. Анда Гүлен өз адамдарына системага кире беришин буюрган. Алар бардык тармактарга өз адамдарын киргизди. Ал үчүн университеттеги экзамен суроо-жоопторун уурдап алып, өз кызыкчылыгына колдонушту. Фетхуллах Гүлендин террорчул кыймылынын өкүлдөрү дүйнөнүн 170 өлкөсүндө бар жана ал өлкөлөрдө да мындай окуялар кайталанбайт деген кепилдик жок,-деди Женгиз Камил Фырат.


Буга чейин Женгиз Камил Фырат “Азаттыкка” курган эксклюзив маегинде “Сапат” билим берүү мекемесинин лицейлерине альтернатива катары Түркия Кыргызстанда “Маариф” аттуу окуу мектептерин сунуштаганын билдирген.


Түркиядагы 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелерин жабууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек бул талапка каршы кескин жооп берген жана түрк лицейлери өлкөнүн коопсуздугуна эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген.


“Себат” билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Кыргыз бийлигинин чечими менен ал “Сапат” болуп өзгөргөн.


Президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын апрель айында Түркияга расмий сапар менен барганда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандагы "Сапат" лицейлерин жабуу керек экенин ишарат кылган. Жээнбеков анда "гүленчилер" тууралуу үн каткан эмес. (BkA\ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus