Абылгазиев: “Коопсуз шаарды” создуктурууга акыбыз жок
- «Коопсуз шаар» маселеси бир нече жылдардан бери көтөрүлүп келе жатат. Бирок азырынча көрсөтө турган эч нерсе жок. Мындан ары жетекчилердин актануу жана ар кандай шылтоолору кабыл алынбайт. Эгерде алдыга коюлган милдеттерди аткара албасаңар, анда сиздерге мамлекеттик кызматта орун жок, - деди өкмөт башчы.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев долбоорду ишке ашыра турган уюмду тандоо үчүн сынак 20-июлга чейин жарыяланарын маалымдады.
- Иштелип чыккан техника-экономикалык негиздеме алкагында келишимди аткаруу шарты катары 38 кесилишти, 52 стационардык чекти эреже бузууларды фиксациялоочу камералар менен камсыздоо, 32 чекти көчмө аппараттык-программалык комплекстер менен жабдуу болуп саналат, - деди Шаршембиев.
Кыргызстан жол кырсыгы көп катталуучу өлкөлөрдүн катарына кирет. Буга айдоочулардын жоопкерчиликсиз мамилеси негизги себеп экенин адистер айтап жүрөт.