Израилдин премьер-министринин аялына айып тагылды
Прокуратуранын айыптоосунда мамлекеттик резиденцияда ашпозчу бар экендигине карабай, өкмөт башчынын аялы жалпы жонунан 100 миңдей долларга кымбат ресторандардан тамак алдырганы белгиленет. Бул акча мамлекеттин эсебинен төлөнгөн.
Сара Нетаньяху буга чейин башка мыйзамдардын бузулушуна байланыштуу да айтыпталган, бирок алар бул корутундуга кирген эмес.
Премьер-министрдин үй-бүлөсү билдирүү таратып, мындай дооматтарды «акылга сыйбаган» нерсе деп четке каккан.