АКШда президент Дональд Трамп коңшулаш Мексика аркылуу анын өлкөсүнө мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген иммигранттардын балдарын ата-энесинен бөлгөн талаштуу саясатты токтотмок болду. Мыйзамсыз мигранттарга карата көрүлгөн андай чаралар Кошмо Штаттардын өзүндө да сынга алынып, айрым өлкөлөрдүн лидерлери да каршы пикирин билдиришкен.