Парламентте күйүүчү май маселеси көтөрүлдү
Май ташуучулар биримдигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда май айында күйүүчү майдан баасы 10% кымбаттаган. Ал эми июнда баа 2% көтөрүлгөн. Буга Орусиянын заводдорунун өндүрүмү кескин кымбаттап кеткени себеп болду.
Азыр Бишкекте бензиндин баасы түрүнө жараша 43 сомдон жогору, дизель 44 сомдон өйдө сатылып жатат.
Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майдын 100 пайызы Орусиядан ташылып келет. (КЕ)