Ооганстанда "Талибандын" чабуулунан өлгөн аскерлер отуздан ашты
Бадгис провинциясындагы кол салууну ал жердин губернатору жана талибдер өздөрү ырастады. Бул провинциядагы чабуулдан 11 аскер өлүп, тогузу жарадар болду.
Бул - "Талибан" өкмөт менен утурумдук элдешүүнү токтоткондон кийинки алгачкы чоң чабуул.
Ооган өкмөтү Айт майрамынын алдында башталган утурумдук элдешүүнүн убактысын он күнгө узартканы менен "Талибан" аны 17-июндун түнүнөн тартып токтотуп койгон. (ErN)