Максутова: Мектепте жол коопсуздугуна арналган сабактарды көбөйтүү керек
Уюмдун өкүлү Нуркамал Максутованын айтымында, сурамжылоого катышкандардын 80% айдоочулардын да, жүргүнчүлөрдүн маданиятынын төмөндүгү жол кырсыктарына себепкер болуп жатканын айткан.
Адис учурда башталгыч класстын окуучулары гана жол коопсуздугунун эрежелерин окушарын, бул жетишсиз экенин белгиледи:
- Бизде азыр бир жылда беш саат каралган экен. Болгондо да 1-5- класстарда гана. Аларды окуткан мугалимдердин деңгээли суроо жаратат, - деди Нуркамал Максутова.
Сурамжылоо эки ай бою жүрдү, ага Бишкек шаарынын 4,5 миңге жакын тургуну катышты.
Борбор калаанын милициясынын маалыматына караганда, былтыр Бишкекте балдар жабыркаган 471 жол кырсыгы катталган. 531 бала жараат алып, үчөө каза болгон. (RK\ErN)