Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Депутат Руслан Казакбаев Google-салык киргизүүнү сунуштады

"Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев Интернетте кызмат көрсөткөн Фейсбук, Гугл жана Инстаграм сыяктуу ири IT компанияларга салык салуу демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.


- 2017-жылдын 1-январынан баштап Орусияда "Google-салык"  киргизилген. Бул салык чет элдик уюмдар Интернет аркылуу электрондук формада кызмат көрсөтүүдө НДС төлөөнүн атайын тартиби. Көптөгөн фирмалар азыркы учурда өз продукциясын жана жарнамасын Фейсбук, Инстаграм, Твиттер, Гугл жана башка сайттарда жарыялаш үчүн миңдеген долларларды короторун бардыгыбыз билебиз. Мисалы ар бир университет айына Интернеттеги жарнамасы үчүн 500 АКШ долларын коротот. Эгер бир эле университет ушунча коротсо, мындай жарнама үчүн коммерциялык компаниялар канча акча төлөп жатканын өзүңүздөр билсеңиздер керек. Эксперттердин айтымында, биз интернет компаниялардын салыгынан 500 миллиондон 1 миллиард сомго чейин салыкты жоготуп жатабыз.


Руслан Казакбаев компаниялар акчаны банк аркылуу түздөн түз эл аралык компанияларга которорун айтып, Кыргызстан да Орусиянын тажрыйбасын ишке ашырышы керектигин билдирди. Анын айтымында биринчи үч айлыкта эле Орусиянын бюджетине салыктын жаңы түрүнөн 2 миллиард рубль түшкөн.


Орусиянын аймагында Интернет аркылуу электрондук кызмат көрсөткөн "Google", "Apple", "Microsoft", "Facebook", "eBay", "Aliexpress", "Yahoo", "Bing" сыяктуу чет элдик компаниялардан кошумча нарк салыгы алынат.


Буга чейин Орусияны мисал кылып Тажикстандын Салык комитети да өз өкмөтүнө Интернет компаниялардан салык алууну сунуштаган. (KR)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus