Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Акаев: Кен иштетүү боюнча сынактар ачык болбой жатат

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев кен иштетүү боюнча өткөрүлгөн сынактар жана анын шарттары ачык болбой жатканын бүгүнкү парламенттин жыйынында көтөрдү. Эл өкүлү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жергиликтүү бийликтин кудурети жетпей жатканын белгиледи.


- Өкмөт кен иштетүүдө инвесторлор, жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү эл менен туура түшүндурүү иштерин жүргүзө албай жатат. Диалог жок. Ар бири өз-өзүнчө болуп калды. Жергиликтүү бийлик бул маселени чечүүдө жөндөмсүз экенин көрсөттү. Сынакты өткөрүү, иштетүүнүн шартын аныктаган келишимди ачык-айкын көрсөтө албай жатабыз. Бул тармактагы коррупцияга жол берилип, анын пайдасын эл көрбөй жатат.


Акаев инвесторлор менен жолугууларды өткөрүп, маселенин алдын албаса экономикага таасирин тийгизерин кошумчалады.


12-июнда Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Чаткал жолундагы Иштамберди кенин иштетүүгө каршы 200-300дөй жергиликтүү тургун митингге чыккан. Алар ишкана мыйзамсыз иштеп жатканын белгилеп, анын экологиялык зыяндарын текшерүүнү жана элге компенсация төлөп берүүнү, зыяндуу заттарды колдонууга тыюу салууну, калдыктарды башка жакка чыгарууну талап кылышкан.


11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал Девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылык акциясына чыгышкан. Акция учурунда ишканага таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлүп, милиция кызматкерлери сабалганын ИИМ кабарлаган. Эки окуя боюнча тең кылмыш иши козголгон. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus