Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

“Turkish Airlines” компаниясы Көчмөндөр оюндарына демөөрчүлүк кылат

Түркиянын “Turkish Airlines” компаниясы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына демөөрчү болууга макул болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты.


Билдирүүдө айтылгандай, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ 20-июнда, оюндун кезектеги айлампасын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Анда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов уюштуруу, объектилердин курулушу, коопсуздукту камсыздоо жана демөөрчүлүк каражаттарды тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады.


“Жакында ири түрк компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча “Turkish Airlines” ири авиакомпаниясы Көчмөндөр оюндары тууралуу роликтерди көрсөтүүнү, авиабилеттерде жана учактардын бортторунда логотиптерди жайгаштырууну ишке ашырып, ошондой эле корпоративдик журналында макаланы жайгаштырат. Ошентип, биз кошумча дагы авиакомпаниянын жүргүнчүлөрү болгон беш миллионго жакын адамды камтый алабыз. Анын менен бирге авиакомпания демөөрчүлүк кылып, спорттук мелдештерге катышуучулар үчүн авиабилеттерге кыйла арзандатууларды жасайт”, – деген Кубатбек Боронов.


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бардык уюштуруу маселелерин белгиленген мөөнөттө аяктоону тапшырды. Өкмөт башчы мамлекеттик органдардын жетекчилерин алдыдагы оюндарды өткөрүүгө жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.


Буга чейин өкмөт Көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө ишкерлерден жардам сурап, бир катар фирмаларга кат жолдогон. Бул социалдык тармактарда сынга кабылган.


Оюн Ысык-Көлдө 2-8-сентябрда өтөт. Кыргызстанда биринчи жана экинчи "Көчмөндөр оюндары" 2014-жылы жана 2016-жылы Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда өткөн. Анда негизинен ат оюндары, жаа тартуу, куш салуу боюнча мелдештер болуп, дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн келген спортчулар катышкан. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus