Баткенде өрүктү кайра иштетүүчү завод ачылды
Чакан заводдо өрүк, кайналы (кара өрүк), алма, жаңгак жана башка жемиштер кургатылып, даярдалат. Өнүмдөр Кыргызстандын түштүгүн бул азыктар менен камсыздоого мүмкүнчүлүк берет. Цехте 35 киши туруктуу иш менен камсыз болот.
Мөмө-жемиш жуучу, тандоочу жана бөлүштүрүүчү жабдыктарды, күн кубаты менен кургатуучу шаймандарды сатып алууга АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) каржылык колдоо көрсөткөн.
Эл аралык уюм “USAID Agro Horizon” төрт жылдык долбоорунун алкагында Кыргызстандын төрт облусунда (Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош) кыргыз өндүрүүчүлөрүнө жардамдашып келет. Мекеме жергиликтүү 45 ишкана менен кызматташып, 30 миллион долларга чейин каржылык жардам берген.
Буга чейин кургатылган жемиштер Тажикстанга жеткирилип, андан соң Орусия, Түркия жана башка өлкөлөргө экспорттолуп келген.(ErN)