Норвегия АКШдан аскер контингентин көбөйтүүнү суранат
Өткөн аптада НАТОго кирген тогуз өлкө Орусиянын агрессиясынан улам аймакта аскер контингентин көбөйтүүнү сүйлөшкөн.
Америкалык 330 деңиз аскери Норвегиядан ушул жылдын этегине чейин чыгып кетүүнү пландаган. 2017-жылы келген америкалык жоокерлер Экинчи дүйнөлүк согуштан бери Норвегияга жайгашкан биринчи чет элдик контингент болуп саналат.
Буга Орусия нааразы болуп, Москва бул Осло менен эки тараптуу мамилени бузарын эскерткен.
12-июнда Норвегиянын тышкы иштер министри Ине Эриксен Сёрейде өлкөдөгү америкалык аскерлерди көбөйтүүнү парламент колдоорун билдирди.
Осло кийинки жылы Орусия менен чек арасына жакын аймакка жайгаштырыш үчүн 700 деңиз аскерин жиберүүнү Вашингтонго сунуш кыларын да министр ырастады.