Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Мэр Ибраимов УКМКга сурак берүүдө

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматында сурак берип жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматкери Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди.


- Албек Ибраимов буга чейинки козголгон кылмыш иштин алкагында суракка чакырылды. Учурда тиешелүү тергөө иш чаралары өтүп жатат. Тергөө бүткөндөн кийин кетет.


30-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгы “ТНК Дастан” ишканасындагы мыйзам бузуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин ("Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу") 4-бөлүгүнүн 1,2-пункттарында каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон.


Тергөөнүн материалдарына караганда, 2012-жылдын январь айында “ТНК Дастан” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен “Дастан Инжиниринг” ЖЧКсынын башкы директору Асылгүл Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 доллар суммасында 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткизүү тууралуу келишим түзгөн. Мында ар бир комплект 6 миң 672 долларга бааланган.


Ошол эле учурда “Дастан Инжиниринг” мекемеси Украинанын мамлекеттик компаниясы менен да келишим түзүп, ал буюмдардын партиясын 14 миң 400 долларга сатып алган (партияны алып келүүгө 49 миң доллар сарпталган). Жыйынтыгында ортодогу айырма 470 миң 360 долларга барабар болгон.


Тергөөнүн материалдарына ылайык, муну менен “ТНК Дастан” жана “Дастан Инжиниринг” ишканаларынын ортосунда түзүлгөн, баасы атайылап жогорулатылган келишимдин негизинде мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.


Белгилей кетсек, “Дастан Инжиниринг” ЖЧКсынын 30% үлүшү ошол учурда “ТНК Дастан” ААКсына тиешелүү болгон. Факт боюнча тергөө жүрүп жатат. (TSh)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus