Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Помпео Иран боюнча АКШнын жаңы стратегиясын жарыялады

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Иран агрессиясын ооздукташ үчүн Пентагон жана АКШнын аймактагы өнөктөштөрү менен тыгыз кызматташарын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн АКШнын Иранга карата жаңы саясатын жарыялаган Вашингтондогу "Heritage" фондундагы баяндамасында айтты. Ал "АКШ Иранга болуп көрбөгөндөй каржылык басым көрсөтөт" деп да кошумчалады. Помпеонун айтымында, Иранга карата санкциялар Тегерандын саясаты өзгөргөнүн АКШ көргөндө гана жоюлушу мүмкүн.


Анткени менен мамлекеттик катчы АКШ Иран жана анын өнөктөштөрү менен кызматташууга ачык экенин белгиледи.


Помпео Иранга карата 12 талапты окуду. Анын арасында Сириядан Иран аскерлеринин чыгарылышы да бар. Мамкатчы Иранда кармалган ар бир америкалык жаранды кайтарып алыш үчүн бардык күч-аракетин жумшаларын да кошумчалады.


2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган. Бирок 8-майда АКШ көп тараптуу бул келишимден чыгарын жарыялап, өз кадамын документ Иранды өзөктүк куралга ээ болуудан токтото албасы менен түшүндүргөн.


Келишимге кол койгон башка өлкөлөр аны сактап калуу ниеттерин билдиришкен. Трамп Иранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтирүүнү караган документке да кол койгон.


Евробиримдик Иранда бизнес жүргүзгөн европалык фирмаларды АКШ санкцияларынын таасиринен коргой турган эрежени кайра жандандыруу жараянын 18-майда баштаган.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus