Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

 “Алай” жана "Алай-2" клубдарына техникалык утулуш жазылды

Ош шаарынын “Алай” жана “Алай-2” футболдук клубдарына оюнчулардын бири тууралуу жасалма документ берилгендиги үчүн техникалык утулуш жазылды. Кыргызстандын Футбол лигасынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 18-майда Футбол федерациясынын дисциплинардык комитетинде футбол лигасынын рапорту каралган. Ал рапортто “Алай-2” клубунун оюнчусу, Өзбекстандын жараны Русланбек Ташланкуловду “Алай” футболдук клубу Кыргызстандын жараны катары белгилеп, оюндарга катышуу үчүн жасалма документ бергени маалымдалган.


Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатынын регламентине ылайык дисциплинардык комитет тарабынан “Алай” клубуна беш миң сом айып салынып, Ташланкулов ойногон “Алай” клубунун алты беттешине жана “Алай-2” клубунун бир беттешине техникалык утулуш жазылып, анын атаандаштарына үчтөн упай берилди.


Ошондой эле “Алай” клубунун директору Алмаз Сулайманов, “Алай-2” клубунун башкы машыктыруучусу Айбек Татанов футболго байланыштуу бардык ишмердүүлүктөн бир жылга чейин четтетилип, ар бири 10 миң сомдон айыппул төлөөгө милдеттендирилди. 


Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы болуп саналган Топ-лигада сегиз клуб ойнойт. Ушул күнгө чейин “Алай” жана “Дордой” клубдары сегизден оюн, калган алты клуб тогуздан оюн өткөрдү. Жалпысынан чемпионаттын оюндары төрт айлампада, 28 тур менен өтөт. 


20-майга карата “Алай” клубу тогуз турдан кийин төрт упай менен 7-орунда жайгашып турат. Бир жума мурда дисциплинардык комитеттин чечими чыкканга чейин, 8-турдагы оюндардан кийин “Алай” клубу Топ-лиганын турнирдик таблицасында 17 упай менен көч башында келе жаткан.


"Алай" футболдук клубу 1960-жылы негизделген. Кыргызстандын төрт жолку чемпиону (2013, 2015, 2016, 2017). (ECh)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus