Кулматов: Бажыдан бийликтин шартына макул болбогонум үчүн кеттим (видео)
- Менин Бажы кызматынан кеткеним саясат менен байланыштуу болду. Себеби, акыркы төрт айда бажыга канча каражат түшкөнүн өзүңөр деле көрдүңөр да. Бирок мен бүгүнкү күнү эмне болуп жатканын түшүнбөй койдум. Мени "кызматтан кет" деп эч ким айткан жок. Болгону мага бир шарт коюшту. Мен ага макул болбой койдум. Албетте, өлкө жетекчилиги ким кандай иштеши керектигин айта алат, бирок мага коюлган шарттар жаккан жок, - деди Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов 14-майда Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигинен өз ыктыяры менен кеткен. Андан үч күн мурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылган. (EBM/KR)