ИМ Чеченстандагы кол салууга жоопкерчилик алды
Чабуул учурунда эки полиция кызматкери жана бир жай тургун каза болду. Кол салгандар полиция тарабынан жок кылынган.
Православдык чиркөөгө кол салуунун чыныгы себептери тууралуу расмий маалыматтар айтыла элек. Орусиянын Тергөө комитети факт боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө баштаган.
Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров "кол салган эки адамдын тек-жайы аныкталганын, алар Грозныйдан алыс эмес жердеги кыштактардын тургуну экенин" Telegramдагы баракчасына жазды.
Окуя 19-май күнү болгон. Белгисиз төрт жаран Грозный шаарындагы Архангел Михаил чиркөөсүнө кол салып, адамдарды барымтага алууга аракет кылган. (ErN)