Орусия Кыргызстанда өстүрүлгөн 61 тонна азык-түлүктү кайра кайтарды
Мекеме тараткан маалыматта “Маштаково” көзөмөл бекетинде кармалган өндүрүм фитосанитардык жактан жогорку деңгээлдеги коркунучка ээ экени айтылат.
Кыргызстандан бараткан 61 тонна азык-түлүктүн ичинде 19,3 тонна гилас, 0,55 тонна бадыраң, 21,42 тонна жемиш кагы, 20,5 тонна сабиз бар экени айтылат.
Мындан сырткары дагы 30 тоннадай Казакстандан бараткан помидор, гилас жана өрүк да чек арадан кармалган.
Жашылча-жемиштердин баары чек арадан өткөрүлбөй, кайра артка жөнөтүлдү.
Кыргызстан - Орусия, Армения, Казакстан жана Беларус сыяктуу Евразия Экономикалык Биримдигинин мүчөсү. Ортодогу бажы тосмолору алынган, бирок фитосанитардык көзөмөл күчөтүлгөн. (ErN)