УКМК Кубанычбек Кулматовго айып такты
Билдирүүдө айтылгандай, Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган учурда “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорунун алкагында Кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан берилген 2 млн. АКШ доллар грантты мыйзамсыз иштеткени аныкталган. Ал Калыс-Ордо конушунда мектеп куруу шылтоосу менен көрсөтүлгөн акча каражатын өкмөттүн кароосунан мэриянын кароосуна өткөрүп алган.
Андан кийин Кубанычбек Кулматов “Альто Групп” ЖЧКсы менен сынактан сырткары келишим түзүп, анын жетекчиси менен жең ичинен сүйлөшүп, Кытай компаниясынын 1 млн. АКШ долларын аталган менчик фирманын эсебине түз котортуп койгон. Мындан сырткары Бишкек шаарынын бюджетинен Калыс-Ордо айылындагы мектептин курулушун бүткөрүү үчүн деп кошумча 100 млн. сом акча бөлдүргөн.
Учурда кеп болуп жаткан аткаруучу курулуш компаниясынын жетекчилеринин бири кармалган жана УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Айыпталуучу Кулматовдун жана Бишкек шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлеринин үйүнө соттун санкциясынын негизинде тинтүү жүргүзүлгөн. Тергөө уланууда.
Кубанычбек Кулматов кечээ, 20-майда үйүнө тинтүү жасалганын “Азаттыкка” ырастаган.
Кубанычбек Кулматов 14-майда Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигинен өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Ал муну саясат менен байланыштырган эле. Андан үч күн мурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылган. (ErN)