Париждин борборунда бычакчан эркек адамдарга кол салды
"Франс Пресс" агенттиги бир киши каза таап, бир нече адам жарадар экенин билдирди.
Полиция азырынча окуянын чоо-жайы жөнүндө маалымат бере элек.
2015-жылдын ноябрында Франциянын тарыхындагы эң кандуу теракт 130 кишинин өмүрүн кыйган. Исламчыл жоочулардын бир нече тобу Париждин ар кайсы жерлерине кол салышкан.
Адегенде алар борбор шаардын четиндеги Сен-Дени конушундагы "Stade de France" стадионунда бомба жардырышкан. Дээрлик ошого удаа эле "Батаклан" музыкалык клубунда, бир нече кафеде бейкапар отурган кишилерди туш келди атып өлтүрүшкөн.