Арменияда тогуз күндөн бери нааразылыктар уланып жатат
Каршылык акциясына чыккандар Еревандын борборундагы жолдорду бууп, автоунаа каттамын токтотуп коюшту. Маалымат булактары буга чейин 200дөй адамды полиция кармаганын кабарлаган.
"Саргсяндан баш тарт!" деген ураан менен башталган акцияга миңдеген кишилер катышууда.
Өлкөнүн мурдагыдай жалпы эл эмес, парламент шайлаган президенти Армен Саркисян 9-апрелде кызматка киришкен. Андан соң депутаттардын көпчүлүк добушу менен мурдагы президент Серж Саргсян өкмөт башчы болуп келген.
2015-жылдагы конституциялык реформадан кийин Арменияда премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилип, президенттики азайган эле. (SE)