Президент Нобель сыйлыгынын ээси менен жолугушту
Баарлашуунун жүрүшүндө профессор мамлекеттин өнүгүшү үчүн кен байлыктарды иштетүүгө гана эмес, адамдык ресурстарга да басым жасашы керектигин белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков ага Кыргызстандын окумуштуулары менен жемиштүү кызматташуусун каалап, билимди өнүктүрүүдө колдоо көрсөтөөрүнө ишенимин билдирди.
АКШнын Түндүк Каролина университетинин Медициналык мектебинин биохимия жана биофизика профессору, Нобель сыйлыгынын ээси Азиз Санжар Кыргызстанга келип, 20-апрелде кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенттери менен жолугушкан. Андан тышкары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери менен жолугары кабарланган.
Азиз Санжар 2015-жылы Томас Линдал жана Пол Морич менен кошо ДНКнын калыбына келүү механизми боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, үчөө тең Нобель сыйлыгына татыган. (SE)