Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жон Хайтен: Орусия канаттуу ракеталарды жасап жайгаштырууну күчөттү

Орусия канаттуу ракеталарын жайгаштырууну күчөткөнү тууралуу АКШнын өзөктүк күчтөрүнүн же стратегиялык командачылыгынын башчысы, генерал Жон Хайтен Сенат комитетиндеги жыйында, 20-мартта билдирди.


Бул билдирүү Орусиянын президенти Владимир Путиндин өткөн айдагы жарыясынан кийинки учурга туш келди.


Путин анда Федералдык кеңешке кайрылуусунда Орусия өзөктүк куралдын жаңы системаларын, анын ичинде коргонуу системаларынын “бирине да кармалбай турган” баллистикалык жана канаттуу ракеталарды иштеп чыкканын ачыктаган.


АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын администрациясы Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимди (INF) бузуп жатканы үчүн Орусияны биринчи ирет расмий түрдө 2014-жылы айыптаган.


1987-жылы түзүлгөн бул келишим жерден, кемелерден атылуучу орто аралыктагы канаттуу жана баллистикалык ракеталардын Европада турушуна тыюу салган. Бул документ Москва менен Вашингтондун ортосунда куралды көзөмөлдөө боюнча чечүүчү документ болуп да саналчу.


Президент Путин болсо өткөн айдагы сөзүндө "АКШ Баллистикалык ракеталарга (ABM) каршы келишимден 2002-жылы чыгып, Москванын эскертүүлөрүнө көңүл бурбай койгон соң Орусия өзөктүк арсеналдарын жаңыртууга аргасыз болду" деп ырастаган. (UE)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus