Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Көкбөрү: "Нооруз-2018" мелдешин "Ынтымак" командасы жеңди

Нооруз майрамына арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдешти Таластын "Ынтымак" командасы жеңди.


Бүгүн 21-мартта Бишкектеги Ак-Кула ат майданында өткөн финалдык беттеште Таластын көкбөрүчүлөрү Оштун "Достук" командасын 2:1 эсебинде утуп алды.


Алгачкы улакты "Достук" оюнчулары атаандаштардын тайказанына салып, эсепти ачышты. Экинчи айлампада таластыктар бир гол киргизип, эсепти теңеди.


Үчүнчү айлампада "Ынтымак" оюнчулары тайказанга дагы бир улак салып, жеңишти колго алды.


Аталган командалар былтыр да ушул эле турнирдин финалында таймашып, 8:7 эсебинде Таластын оюнчулары жеңишке жеткен.


Көкбөрү боюнча "Нооруз-2018" аттуу республикалык мелдеш 15-мартта башталып, ага 16 команда катышты. 3-орунду Сокулуктун "Биримдик Аю" командасы алды. Сокулуктун көкбөрүчүлөрү 3-орун үчүн таймашта Бишкектин "Арашан" командасын 6:1 эсебинде жеңген.


Мелдештин байге фонду 800 миң сомду түзду. Баш байгеге 400 миң сом берилди. Ал эми 2-орунга 200 миң, 3-орунга 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.


Сыйлык тапшыруу аземине өкмөт башчы Сапар Исаков, президенттик аппараттын башчысы Мухамметкалый Абылгазиев баштаган бир катар жетекчилер катышты. “Мыкты чабуулчу” наамы Манас Ниязовго (“Достук”), “мыкты оюнчу” наамы Мелисбек уулу Нуржанга (“Ынтымак”), "мыкты ат” наамы “Арашан” командасынан “Күрөңгө” берилди. (ECh)


Көкбөрү. Финал: "Ынтымак" - "Достук" 2:1 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus