Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Израил Сириянын өзөктүк реакторун талкалаганын моюнга алды

Израилдин армиясы Сириянын өзөктүк реакторун 2007-жылы талкалаганын биринчи ирет расмий түрдө моюнга алды. Ал ошондогу абадан урулган сокку Израилге багытталган олуттуу коркунучту жок кылганын жана башкалар үчүн белги болгонун да кошумчалады.


Он жыл мурда болгон операция тууралуу Израилдин жаңы билдирүүсү көп жагынан азыр Сирияда аскердик кубатын чыңдап жаткан Иранды эскертүү катары бааланууда.


Ирандын Сириядагы туруктуу аскер базаларынын курулушуна каршы чыгып жүргөн Израил өткөн айда ирандык дронду атып түшүрүп, ал аба мейкиндигин бузганын билдирген.


Сириянын өзөктүк реакторун 2007-жылы талкалаганына далили катары Израил азыр эми жашыруун сырдын тизмесинен чыгарылган материалдарды, анын ичинде сүрөттөрдү, Деир эз-Зор аймагына жакын чөлдөгү ал-Кубар жайына абадан сокку урулганы тартылган видео тасманы да жарыялады.


Буга байланыштуу Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик ал жер Сирия өкмөтү ачыкка чыгарууга милдеттүү болгон “өзөктүк реактор болушу” абдан ыктымал экенин белгиледи.


Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча 1970-жылкы келишимге кол койгон Сириянын бийлиги Израил абадан сокку урган жер өзөктүк реактор болгонун жана ал реакторду жабдуу үчүн Дамаск Түндүк Корея менен кызматташканын такай төгүндөп келген. (UE)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus