Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Нооруз майрамына карата дипломатиялык жармаңке өтөт

21-март - Нооруз күнү Бишкекте чет өлкөлүк элчиликтердин кызматкерлери менен чогуу уюштурулган дипломатиялык жармаңке өтөт.


Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул майрамдык иш-чарага 20дан ашуун элчилик менен өкүлчүлүктүн өкүлдөрү катышып, улуттук тамак-ашын, кол өнөрчүлүгүн, дизайнердик буюмдарын тартуулашат. Улуттук чыгармачыл жамааттардын концерти да өтөт.


Кайрымдуулук иш-чарасы ар бир улуттун маданий өзгөчөлүктөрүн гана тартуулабастан, социалдык максатты да көздөйт. Себеби, жармаңке учурунда түшкөн каражат Кыргызстандагы социалдык мекемелерге жардам иретинде өткөрүлүп берилет.


Негизинен Бишкектеги майрамдык иш-чаралар Ала-Тоо аянтында расмий ачылып, бир катар маданий, спорттук иш-чаралар өтөт. Быйыл мурдагы жылдардан айырмаланып, бардык райондор, жаңы конуштарда элдин маанайын көтөрүүгө көңүл бөлүнгөнүн Бишкек шаардык мэриясынын маданият бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Урмат Белекбаев билдирди.


Бишкек шаардык мэриясы Нооруз майрамын өткөрүүгө 1 миллион 100 миң сомдой акча короторун билдирген.


Ноорузга карата Кыргызстандын бардык аймактарында майрамдык, спорттук иш-чаралар даярдалууда. Түркиядан башка чет мамлекеттердеги мекендештер да чогулуп, жөрөлгөлөрдү өткөрүп жатышат. Кыргызстанда Нооруз майрамы расмий түрдө биринчи жолу 1989-жылы 21-мартта Фрунзе шаарында белгиленген. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus