Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Казакстанда кармалган депутат тууралуу маалыматты төгүндөө талабы коюлду

Жогорку Кеңештин “Республика - Ата-Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров парламенттин маалымат катчысынын депутаттын кармалышы тууралуу айткандарын төгүндөөсүн талап кылды. Сабиров мындай пикирин бүгүн парламенттеги жыйында төрагага кайрылып билдирди:


- Жогорку Кеңештин маалымат кызматы “депутат Дамирбек Асылбек уулунун кармалышына парламенттин тиешеси жок, биз карабайбыз” деп айтканы интернетке чыгып кетти. Ушул нерсени төгүндөп, маалымат бердиртип койсоңуз. Анткени биз комитеттен карадык, фракция карап жатат, сиз кат жөнөтүп жатасыз. Бул туура эмес. Көңүл буруп жатабыз. Биз ачык жыйынга алып чыккан жокпуз, бирок маселени карап жатабыз да.


19-февралда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу депутат Дамирбек Асылбек уулунун Казакстанда кармалышы тууралуу комментарий берип, төрага Дастан Жумабеков бул ишке кийлигишпей турганын айткан:


- Төрага эч кандай билдирүү жасабайт. Бул боюнча тергөө жүрүп жатат. Депутаттын камалышы Жогорку Кеңешке байланыштуу эмес. Ал депутаттын өз иши. Төрага, Жогорку Кеңеш депутаттарга каршы кылмыш иши козголгондо же тергөө, сот болуп жатканда буга чейин да аралашкан эмес, мындан кийин да аралашпайт. Регламент боюнча эгер айыбы далилденсе, депутат өзү жооп берет.


Казакстанда кармалган кыргызстандык депутат Дамирбек Асылбек уулу, андан тышкары дагы эки кыргызстандык Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров 19-февралда эки айга камакка алынган. Алар "ири өлчөмдө аткезчилик кылган жана трансулуттук кылмыш тобуна тиешеси болгон" деп айыпталууда.


Ага чейин 19-февралда Казакстандын Башкы прокуратурасы аткезчилик боюнча жалпысынан 35 киши кармалганын, алардын үчөө кыргызстандык экенин билдирген.


Депутат Дамирбек Асылбек уулу кармалгандан кийин ал мүчө болгон "Кыргызстан" фракциясы чукул жыйын өткөрүп, фракция “колдо болгон маалыматтарга караганда, коюлуп жаткан күнөөлөргө депутаттын тиешеси жок ” деп билдирүү тараткан. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus