Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Назарбаев жылдык кайрылуусунун кыскача мазмунун айтып чыкты

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев «атайын билдирүү менен» мамлекеттик сыналгы каналдардан чыгып сүйлөдү. Тактап айтканда, президент 10-январда расмий маалымат каражаттарына чыга турган жылдык кайрылуусунун кыскача мазмунун алдын-ала учкай айтып өттү. Анда Назарбаев өлкөнүн дүйнөнүн алдыңкы 30 мамлекетинин катарына кириши үчүн талап кылынган 10 максатты атады.


Мисалы, ал жаңы технологияларды өнүктүрүү, ресурстарды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу, коррупцияга каршы күрөш өңдүү маселелерди сөз кылды.


77 жаштагы Нурсултан Назарбаев салттуу кайрылуулар үчүн түрдүү даталарды тандайт. Мисалы, былтыркыга чейин ал парламенттин алдына чыгып сүйлөп келген.


2017-жылы болсо жылдык кайрылуусу жазуу түрүндө жарык көргөн.


Президенттин басма сөз кызматы жана расмий маалымат каражаттары анын текстин 31-январда жарыялашкан. Анын алдында Назарбаев мамлекет башчынын ыйгарымдарынын бир бөлүгүн парламент менен өкмөттүн ортосунда бөлүштүрүүнү көздөгөнүн айтып, "саясий өткөөл доор башталышы ыктымал" деген түкшүмөлдөргө жем таштаган.


Бирок кийин Казакстандын Конституциясына үстүртөн киргизилген толуктоолор бийлик бөлүштүрүү системасын бир аз гана өзгөрткөн.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus