Орусияда жоокер чыккынчылык кылган деген шек менен кармалды
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 275-беренеси, тактап айтканда «Мамлекетке чыккынчылык» боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.
«Открытая медиа» сайтынын маалыматына ылайык, бул жоокер 28 жаштагы улук лейтенант Руслан Артыков болгон. Ал Түштүк аскер округунун Лунинецко-Пинск №175 бригадасында кызмат өтөйт. Бул маалыматты расмий органдар азырынча бышыктай элек.