Россиянын Күрөш федерациясы Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиеваны беттештирүү сунушу менен Кыргызстандын күрөш уюмуна кайрылган.
Максим Гордеев "Альп лыжасы" түрү боюнча жарышта квотага ээ болгон. Кыргызстандык спортчу 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарына катышуучулардын тизмесинде көрсөтүлгөн.
Көптөгөн күйөрмандар, атактуу футболчулар Роберт Левандовски быйыл футбол дүйнөсүндөгү эң престиждүү жеке сыйлыкты албай калганына нааразычылыктарын айтышкан.
Совет убагынан бери жүздөгөн баланы машыктырган Хаким Махмудов соңку он жылда Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Жоламан Шаршенбековду таптап берди. Учурда 84 жашта экенине карабастан ишин улантып келет.
Аземде балбандар, күрөш жаатындагы бир катар жетекчилер, машыктыруучулар сыйлык жана Ардак грамота алышты.
Дүйнөлүк уюм биринчи жолу күрөштүн эркин, кыз-келиндер жана грек-рим түрү боюнча 30 салмактагы алдыңкы үчтүккө кирген балбандарды акчалай сыйлайт.