Башкы машыктыруучу улуттук команда топко ээлик кылууда артыкчылык кылганы менен гол киргизе албаганын белгилеген.
Оюндун биринчи бөлүгүндө эле каршылаш команда бир топ киргизген. Кыргызстандыктар жакшы чабуулга өткөнү менен ийгилик жарата алышкан жок.
Борбор калаада кичи автобустун айдоочулары 2-июндан тарта иш таштап, жол кирени 15 сомго көтөрүүнү талап кылышкан болчу.
Мыйзам долбооруна ылайык, Жогорку Кеңеште 90 мандат болот. 55и партиялык тизме менен келсе, калган 45и бир мандаттуу округдан шайланат.
Курама команда техникалык утулууга дуушар болуп калбаш үчүн дарбазачылар жок ойноого аргасыз экенин, шартка байланыштуу коргоочу позициясындагы Айзар Акматов дарбазачы болору маалымдалды.
Бүгүн, 7-июнда, Япониянын Осака шаарында экинчи тандама турдун оюну өтөт. F тайпасындагы Кыргызстан менен Монголиянын курама командалары беттешет.
Шевченкодон сырткары, кыргызстандык футболчуларга колдоо сөзүн өлкөдөгү белгилүү спортчулар да айтышкан.
Кичиндин ордуна капитандык милдетти Мирлан Мурзаев аткармай болду. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча бүгүн саат 13:00дө башталат.