Стамбулда өткөн мелдешке 16 мамлекеттен келген 33 жаачы катышып, кыргызстандык Ынтымак үчүнчү орунга татыды.
Алтын медаль алган Шабдан Молдокматовду энеси, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова да куттуктап, машыктыруучусу Эрик Воиновго ыраазылык айтты.
Пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын абсолюттук чемпиону, бодибилдинг жана таяк тартыш боюнча Азиянын чемпиону, дүйнө кубогунун жеңүүчүсү Келдибек Атайбек уулу оор атлетика спортунан олимпиада чемпиону болом деген кыялы орундалбай калганын айтты.
Денис Петрашов Олимпиадага жолдомо алган кыргызстандык спортчулардын катарында. Ал мындай мүмкүнчүлүктү алгачкы болуп алган.
Жыл сайын бул спорттук иш-чарага Кыргызстандан жана коңшу Казакстандан 300гө жакын жөө күлүк катышып жүрөт.