UFC уюмунун экс-мушкери Хабиб Нурмагомедов футбол жылдыздарынын кимиси ММА спортунда кандай ийгиликке жетерин айтты. Жеңилбес чемпион 2000-жылдардагы футболчуларды мисалга алды.
Сумо күрөшү боюнча эл аралык категориядагы калыс, курама команданын машыктыруучусу Эмирлан Качкымбаев Кыргызстанда сумо күрөшү менен кыздар да машыгып, мелдештерге катыша баштаганын айтты.
Instagram баракчадагы билдирүүдө команда кичи автобус менен Ош шаарынан 1-апрелде чыгып, 2-апрель күнү түнкүсүн Бишкекке жеткени айтылат.