Волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылыч Сарбагишев кыздар арасында аталган спортко кызыгуу жыл сайын күчөп, учурда түрдүү жаш куракта өлкөдө 200гө чукул команда түптөлгөнүн маалымдады.
Нооруз мелдешине карата чет жактан команда чакыруу чечими федерациянын 2021-жылга карата каралган календарлык планында кабыл алынган.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу бир катар турнирлер жылдырылып, август айынан тарта стипендия алган спортчулардын саны азайганы белгиленди.