Бишкек шаарында А.Масалиев жана А.Бакаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыгынан 34 жаштагы аял жана анын 11 жаштагы баласы каза болду. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы жол коопсуздугун жана транспортту эксплуатациялоонун эрежелерин бузган шектүү кармалганын бүгүн, 19-октябрда кабарлады. Кырсык 17-октябрда болгон. Болжол менен саат 23:00 чамасында, “Хундай-Соната” үлгүдөгү автоунаанын 1989-жылы туулган И.Д. аттуу айдоочусу түштүктөн түндүк тарапка бара жатып, батышты көздөй 2004-жылы туулган А.И.... Читать дальше...
Бурулкан Сарыгулованын акындык жолу өтө эрте башталса да, кыйла жылдарды камтыган поэтикалык дүйнөсү кийинки жылдары ачылды, чыгармалары чет тилге которулуп, адабий турмушка активдүү аралашты.
Пенде баласынын жашоосу биралдын жөнөкөй, татаал, көп сайлуу, көп тарамдуу. Кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамовдун “Аялы жакшы көргөн адам” аңгемесинде ошондой турмуштук эпизод сүрөттөлгөн.
Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Кесиптик кайра даярдоо жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу институтунун негизинде Анарбек Бакаев атындагы академия ачылды.
Орусиянын борбору Москвада Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чара жана жана Маданият күндөрү өтөт. Ага катышуу үчүн Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров расмий сапар менен Москвага барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 19-октябрда кабарлады. Расмий сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Орусиянын өкмөтүнүн биргелешкен жыйыны, эки тараптуу жолугушуулар жана кеңейтилген маданий программалар уюштурулат. Читать дальше...
20-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22; Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16; Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14. Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт.... Читать дальше...
Бириккен Улуттар Уюмунун Палестина аймагы боюнча Азык-түлүк программасынын директору Антуан Ренар Газа тилкесинде тамак-аш кору 1,5 аптага гана жете турганын билдирди. Бул тууралуу Financial Times басылмасы билдирди. Анын айтымында, соңку салгылашууга байланыштуу жана эки апталык гуманитардык жардамды жеткирүүнү чектөөдөн улам азык-түлүк менен камсыздоо начарлаган. Ренар белгилегендей, Газанын 400 миңдей жашоочусу тамак-аш тартыштыгынан азап чегүүдө. Жергиликтүү тургундар азык-түлүк акыркы жылы абдан курч маселеге айланганын айтышкан. Читать дальше...
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 242 млн 50 миң сомдук жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, транспорт прокуратурасы текшерүү жүргүзүп, анда “Кыргыз темир жолу” ишканасынын түштүк бөлүмүнө караштуу Кара-Суу бекетинин имараттары жайгашкан жана ага тийиштүү жалпы 10 443,5 м2 түзгөн жер тилкелеринин тастыктоочу документтери жок, мамлекеттик менчикке алынбай келгендиги аныкталган. Аталган ишкананын... Читать дальше...
Чаткалда кар көчкү алдында калган дагы үч адамдын сөөгү бүгүн, 19-октябрда табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Эки күндөн бери изделип жаткан адамдардын сөөктөрүн куткаруучулар туугандарына өткөрүп берүүдө. 9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жарандан турган 14 кишилик топ, эндик өсүмдүгүнүн тамырын издеп, тоого кеткенден кийин дайынсыз жоголушкан. 16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында сегиз жаран аман-эсен табылган, ал эми калган... Читать дальше...
Чаткалдын Ак-Сай аймагында көчкү алдында калгандарды издөө иштерине жардам көрсөтүү үчүн дагы кошумча 16 куткаруучу жиберилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Аталган мекеме көчкүдө калган адамдарды издөө үчүн бардык чаралар көрүлүп жэатканын билдирди. 19-октябрда жети кишиден турган куткаруучулардын биринчи тобу кар көчкү алдында калгандарды издөө үчүн саат 07:30да жөнөп кеткен. Алардын экөө кар көчкү боюнча адистер. 08:34тө издөө иштерин улантуу үчүн куткаруучулар жана... Читать дальше...