Бишкек шаардык соту Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору (“Унаа” мамлекеттик мекемеси) Рустам Жокоевди камакта калтырды.
Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык соттун басма сөз кызматы 11-ноябрда билдирди. Жокоевди үй камагына чыгаруу боюнча адвокаттын арызын шаардык сот 6-ноябрда карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.
Буга чейин Биринчи май райондук соту Рустам Жокоевдин камактагы мөөнөтүн 27-декабрга чейин узарткан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Рустам Жокоев менен бир нече кызматкерди 26-сентябрда камакка алганы белгилүү болгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (“Пара алуу”) менен айып тагылган.
Жокоевдин кармалышы боюнча президент комментарий берип, аны бул тармакты тартипке салуу үчүн дайындаганын, “таза иштеши үчүн” ага өзүнүн демөөрчүлүк фондунан айына 2 миң доллар жардам берип турганын, мындай көмөктү ал 40 жетекчиге көрсөтөрүн кошумчалаган. Ошондой эле айдоочулук күбөлүк сатуу тыйылбай келатканын билдирген.
Рустам Жокоевдин жана кармалган башка кызматкерлердин жакындары, адвокаттары комментарий бере элек.
37 жаштагы Жокоев “Унаа” мекемесинде адис, кийин жетекчинин орун басары болуп иштеп, 2021-жылы директору болуп дайындалган. 2020-2021-жылдарда Президенттин иш башкармалыгына караштуу Мамлекеттик “Ала-Арча” паркы мекемесинин директору болуп турган. (MKt)