Орусия, АКШ жана бир нече өлкө туткундарды алмашып жатат. Бул – кансыз согуштан берки эң ири айырбаштоо болуп калды. Ак үй 1-августта туткундарды алмашуунун алкагында азат кылынган 16 кишинин арасында Алсу Курмашева, Эван Гершкович, Пол Уилан жана Владимир Кара-Мурза бар экенин бышыктады.