Москвадагы кандуу окуядан кийин жоголгон кыргызстандык эки кызга генетикалык экспертиза (ДНК) дайындалганын туугандары билдиришти. Алар кыргыз бийлигинен жардам күтүп жатышат. Ал тапта каргашага байланыштуу теги кыргызстандык жаран да шектүүлөргө байланышы бар деп камалды.