Кыргызстанда диний агартуу жаатында түзүлгөн “Ыйман” фондунун ишмердиги боюнча жаңжал чыкты. Фонддун ишмердигин текшерген аудит Түркиянын өкмөтү бөлгөн 5 миллион доллардан ашык акчанын отчету жок экенин аныктаган. Бул иш боюнча фонддун мурдагы эсепчиси камакка алынды.
Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы ЛДПР фракциясы мигранттардын үй-бүлөсүн өлкөгө алып киришине тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштады. Коомчулукта мындай документ кабыл алынбаса деле жергиликтүү элдин мигранттарга карата маанайын курчутушу ыктымал экенин айткандар бар.
Кыргызстанда тоо арасында көчүп-конуп жүргөн балчылар бал челектер менен улам жер которууга аргасыз. Глобалдык климаттын өзгөрүүсү үй-бүлөлүк бизнеске да таасир тийгизүүдө. Алар бал аарыларды Эки-Нарын өрөөнүнүн башына чейин ташып жатат. Бул тоолордон Сырдарыянын негизги башаты - Нарын агып чыгат.
Кыргыз бийлиги маймыл чечек деп аталган мрох вирусу боюнча дүйнөдөгү кырдаалдан улам билдирүү таратып, өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу экенин, бирок алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын маалымдады. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 15-августта глобалдык мааниде өзгөчө кырдаал жарыялаган.