“Массалык башаламандыктар”, “Бийликти басып алууга чакырык” беренелери менен шек саналып камалган акын жана активист Аскат Жетигенди сот үч жылга абакка кести. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келген. Жарандык коом Аскат Жетигенди актап, камактан бошотууга чакырып келишкен.
Мындан бир апта мурун “Манас” улуттук академиясынын жетекчиси Талантаалы Бакчиев ээлеген кызматынан бошотулган. Ага чейин бул академияны жоюу өтүнүчү менен белгилүү окумуштуулардын жоон тобу мамлекет башчысына жана Министрлер кабинетине кат жолдогону маалым болду.