Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын чек аралары кесилишкен Фергана өрөөнүндө суу - экологиялык, экономикалык же социалдык эле маселе эмес, геосаясий мүнөзгө да ээ. Бул өрөөндө дарыя-өзөндөрдүн көбү үч өлкөнүн аймагын аралап өтүп, сууну биргелешип пайдалануу, бөлүштүрүү маселеси талаш-талкууга да түрткү болуп келүүдө. Климаттын өзгөрүшү, калктын санынын өсүшү жана айдоо аянттарынын кеңейиши чөлкөмдө суу тартыштыгын ого бетер күчөтүүдө. Мындай жагдай үч өлкөдөгү дыйкандардын турмушун кандай өзгөртүүдө? Читать дальше...