Times: Скрипал ууландырылган зат Саратовдо чыгарылган
Орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипал менен кызы ууландырылган "новичок" деген зат Саратов облусундагы Шиханы шаарчасындагы лабораторияда иштелип чыккан. Бул тууралуу британ чалгын кызматына шилтеме жасап The Times басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, атайын кызматтар өткөргөн брифингде акыркы 10 жылда ал жабык шаардагы объектте нерв системасын шал кылчу зат сыноодон өткөрүлүп келгени айтылды.
Шиханыда "новичок" заты сыноодон өткөнүн СССР заманында "Новая газета" да жазганы бар. Британия бийликтери Скрипалдарды ууландыруунун артында Орусия турат деп айыптап келатат. Москва муну танууда. Кечээ Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Скрипалдын иши талкууланып, тараптар кайрадан кайым айтышты.