Зиядин Жамалдинов жана Данияр Жаңыкулов элдин жерин мыйзамдаштырыш, болбосо иштен кеткиле!
КР Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго
КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке
АЧЫК КАТ
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!
КР Президенти С.Н. Жапаров тарабынан жер тилкелерди мыйзамдаштыруу боюнча тийиштуу мыйзамдарга жана КР Президентинин Жарлыгына кол коюлган. КР Президенти С.Н. Жапаров мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарга тез арада жер тилкелерди мыйзамдаштырып, жарандарга Мамлекеттик акттарды берүүнү талап кылган. Бишкек жана Ош мэрлери КР Президентинин тапшырмасын өз убагыда аткарганы натыйжасында Чуй, Бишкек жана Ош шаарларынын тургундары өз убагында мыйзамдаштырылган жер тилкелерге Мамлекеттик актыларды алышты. КР Президентинин Жарлыгына ылайык КР Президентинин облустагы өкүлдөрү КР Президентинин чыгарган жарлыктарын, КР мыйзамдарын аткаруусу жана аткарылышын көзөмөл кылуусу каралган. Бирок, КР Президентинин Ош облусундагы өкүлү-губернатор Жамалдинов КР Президентинин жерлерди мыйзамдаштыруу тапшырмасын аткаруудан баш тартып, создуктуруп, жер-жерлерде ал тапшырма аткарылышын көзөмөл кылбай жатат. Балким бул коррупциялык схеманын бир көрүнүшү болушу мүмкүн. Натыйжада Ош облусунун тургундарынын мыйзамдуу талаптары аткарылбай, губернатор З. Жамалдинов КР Президентинин саясатына карапайым эл арасында ишенбөөчүлүк жана нааразычылык ойготуп жатат.
Кара-Суу районунун Шарк, Кашкар-Кыштак жана Нариман айыл аймактарында 90-120 га жерлерди мыйзамдаштырууга комиссия берген, ал аймактар боюнча суроолор бар, аларды комиссиялык текшеруу зарыл. Бирок, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында 13 га жерди гана мыйзамдаштурууну комиссия берген, бирок, ошого карабай З. Жамалдинов аны аткарбай, создуктуруп, аткарылышын көзөмөл кылбай, тийиштуу жетекчилерди иштен албай жатат.
К. Бакиевдин “Ак Жол” партиясынан депутаттыкка шайланып, канкор-коррупционер Бакиевди колдоп, анын колунан Ардак Грамота алган З. Жамалдинов: “Президент жана Ташиев сага каршы”-деп, жакшы, таза иштеген кадрларды иштен алып, ордуна коррупционер кадрларды койгон З.Жамалдинов жана орун басары Д. Жаңыкулов дайындаган коррупционердин келечектеги мыйзамсыз аракеттери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышы шарт.
КР Президентинин Ош облусундагы өкүлү-губернатор З.И. Жамалдинов жана анын орун басарлары Д.Т. Жаңыкулов, У. Манапов Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Мадалиевди мыйзамсыз иштен алуу үчүн текшеруунун жыйынтыгын актысын атайын бурмалашкан, жана мыйзамсыз иштен алууга негиз болгон акттар менен жергиликтүү бийликти жана депутаттарды тааныштыруудан мыйзамсыз баш тартышкан. Өзүн “аппак” кылып көрсөткөн З. Жамалдинов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2006 жылы мамлекеттин өзгөчө коргоосуунда болгон Бишкек шаарындагы парк зонасы “Ата-түрк” паркынын жерин мыйзамсыз өздөштүрүп, кийинчереек сатып жиберген. Мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы жерин мыйзамсыз өздөштүрүп, чоң акчага сатып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген. “Аппак” З. Жамалдинов ушул күнгө чейин мамлекетке келтирген зыянды төлөп, УКМК тарабынан кустурулгөн эмес.
Жогоркулардын негизинде Сизден суранабыз:
1. Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында 13 гектар жерди мыйзамдаштырып, айыл тургундарына Мамакттар 15 июнь 2022 жылга чейин берилсин.
2. Х. Мадалиевди мыйзамсыз иштен алууга негиз болгон текшеруу актысын З. Жамалдинов, Д. Жаңыкулов, У Манаповдор жаап-жашырбай, элге жарыялап, бизге берсин, тийиштуу катыбыз бар.
3. Губернатор З.И. Жамалдинов жана анын пиарщик орун басары Д.Т.Жаңыкулов жоопкерчиликке тартылып, иштен алынышсын, аларды текшерүү-тергөөнү Дача-Су боюнча түзүлгөн коомдук комиссия өткөрүшүн суранабыз.
4. КР Президентинин областтык өкүлчүлүктөрү жоюлуп, район акимдери КР Өкмөтү менен түздөн-түз иштесин.
5. Губернатор З. Жамалдинов соцобъект “Ата-түрк” паркынын жерин мамлекет менчигине кайтарсын жана мамлекетке келтирген зыянды төлөп, кустурулсун.
Карапайым айыл эли коррупционерлерге пара бере албайт, ошондуктан элдин талаптары аткарылбаса, анда жери мыйзамдаштырылбаган эл мөөнөтсүз митингга чыгууга мажбур болот.
Кызыл-Кыштак айыл аймагынын элинин атынан: О. Токторалиева
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин депутаттары: Г. Мирзакаримова
Д. Рахманова, 21.05.2022 ж.